Учурда эң көп маяна алган футболчу аргентиналык Эскьель Лавесси экенин чет элдик басылмалар аныкташты. Кытайдын "Хэбей Чайна Форчун" клубу футболчуга аптасына 578 миң евро санап берет.
31 жаштагы Лавесси бул көрсөткүч боюнча мекендеши Лионель Месси (аптасына 316 миң евро алат) менен португалиялык Криштиану Роналдуну (аптасына 428 миң евро алат) артка таштаган.
Футболчу аталган клуб менен февраль айында келишим түзгөн.