SUPER.KG порталына "Америкалык мушкер кыргыз жигитинен жеңилип калып, рингдеги кызды бир чапты" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Grey).
Американын Флорида штатында кыргыз мушкери Фархад Шарипов америкалык атаандашы Эндрю Уитни менен эрежесиз мушташта беттешип, ал күтүлбөгөн окуя менен аяктаган. Бул тууралуу "The Daily Mail" басылмасы жазып чыккан.
Америкалык мушкер утам деп өзүнө аябай ишенип турган. Калыстар анын утулганын, кыргыз жигити упай айырмачылыгында жеңгенин жарыялаганда эмоциясын жашыра албай калган да, бурулуп артында турган кызды бетке чапкан. Маалыматтарга караганда, кыз олуттуу жаракат алган эмес. Ал эми ачууланган Уитниге кандай чара көрүлгөнү маалымдала элек. Ошондой эле бул көрүнүш көптөгөн спорт күйөрмандарынын көңүлүн буруп, талкууга алынган.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.