Алыш жана бел боо күрөшү боюнча Дүйнөнүн жана Азиянын бир нече жолку чемпиону Нурбек Аканов 1987-жылы 8-декабрда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Дарыя айылында төрөлгөн. 10-классынан баштап чоң мелдештерге катышып, 62 килограмм, кийин 74 килограмм салмакта Кыргыз өлкөсүнүн чемпиондугун ута баштаган. Ошол эле салмак менен абсолюттук эң оор салмактагылар арасында да жеңишке ээ болгон. Санкт-Петербургда өткөн чыгыш өнөр искусствосунун Бүткүл дүйнөлүк оюндарында 90 килограммдан жогоркулар арасында күч сынашып, атаандашын мөөнөтүнөн мурда далыларын жерге тийгизип таза жеңип алган.
Бел боо күрөшү боюнча Азия чемпиону. 2013-жылкы Бүткүл Дүйнөлүк Казань Универсиадасынын жеңүүчүсү. 2013-жылы 3 ири мелдеште чемпион аталган. Ал эми 2014-2016-жылдары I жана II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Нурбек Аканов алыш күрөшү боюнча 100 килограмм салмакта алтын медаль тагынып, чемпион аталган.
8-декабрга карата жылнаама.