Көпчүлүк клиптерде адатта кандайдыр бир окуя же сүйүү баяны чагылдырылат. Ал эми ырчы Асел Касымова андай клиптерди жактырбасын билдирип, "Жалгызым" ырынын клибин ашыкча каармандарсыз тартканын айтат.
"Сюжеттүү клип тартканда ызы-чуусу көп болмок. Тагыраагы, кыз-жигитти табыш керек, ошого ылайык сюжет жазып, иштеп чыгыш керек дегендей. Андай клиптерди жактырбайм, анан да окуялар, андагы актёр-актрисалар менен күйөрмандарды алаксыткым келген жок. Ошондуктан өзүмдүн жүзүмө иштөөнү туура көрдүм.
Режиссёр тартуу иштери башталганын, керектүү буюмдарды алып келип калышым керек экенин айтты. Анан кызыл көйнөкчөн чуркап бара жаткан кадр бар эмеспи, ошого ылайыктап кооз кадр алынышы үчүн үстүмө жабууга жука жибек кездеме алышым керек болду. Кеч киргенине карабай дүкөндөрдү кыдырып, баарын алганга жетиштим".
Ырчы клип 1 айда Арстанбапта, Таш-Көмүр шаарында, кээ бир кадрлар Бишкекте тартылганын, тартууда кыйынчылыктар жаралбаганын кошумчалады.
Асел Касымованын "Жалгызым" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.