Орусиянын Екатеринбург шаарында өткөн XIV Эл аралык "Европа-Азия" чемпиондугунда кыргыз бийчилери 37 жуптан 1-орунду алышты. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда Спорттук бий федерациясынан кабарлашты.
"Кыргыз бийчилери Алишер Сейдалиев жана Айбике Нурланова "юниор 1" категориясында спорттук латын бийи боюнча 1-орунга ээ болушту. Ал эми "чоңдор жана жаштар" категориясында Фарух Мамажанов жана Надежда Бурау 2-орунду алышты", - деп айтылат маалыматта.
Аталган чемпиондукка Орусия шаарларынан, Казакстан, Египет, Азербайжандан келген 700дөй бийчи катышканы маалым болду.