"Шакектер шаасы", "Аман калуу" тасмалары аркылуу популярдуулукка жеткен британиялык актёр Доминик Монаган 1976-жылы 8-декабрда Германиянын Берлин шаарында туулган.
Доминик Монаган 15 жашка чыккан кезде атасы “Шакектер шаасы” китебин колуна карматып, толук окуп чыгууга жарым жыл берген. Уулу бул китепти эки айдын ичинде эле окуп бүтүргөн. Мына ошол чыгарма кийин актёрго атактуулук алып келип, тасманын сценарийин жазууда жардам берген.
Актёр мындан тышкары "Кыямат күн", "Икстин адамдары", "Чак", "Код 100" жана башка бир нече тасмаларда роль жараткан.
8-декабрга карата жылнаама.