Алай районунда жол кырсыгы катталып, айдоочу жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы Гүлчө айылындагы Бөкөнбаев көчөсүндө болгон. Анда Портер үлгүсүндөгү унаа жол жээгиндеги бордюрду сүзгөн. Анын кесепетинен айдоочу жабыркаган. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, жабыркаган адамды Гүлчө айылдык ооруканасына жеткиришкен.