Чүй районунда адам өлүмүнө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 8-декабрь күнү саат 17:30 чамасында болгон. Анда 34 жаштагы А.З. чогуу спирт ичимдигин ичип отурган 32 жаштагы Ш.Тны бычак менен сайып, качып кеткен. Анын кесепетинен жабырлануучу ооруканадан каза тапкан.
"Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам издөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү А.З. изи сууй электе кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - дейт басма сөз кызматы.