Бүгүн, 9-декабрда борбор калаадагы Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда көпчүлүктү чыдамсыздык менен күттүргөн SUPER.KG порталынын 10 жылдык мааракесине байланыштуу "Супер концерт" орун алат. Учурда концертке карата даярдыктар соңуна чыгып, сахна жасалгаланып, сулуулар репетициясын улантып жатышат. Дагы бир нече мүнөттөрдөн соң кыргыздын белгилүү ырчылары Гүлнур Сатылганова, Айгерим Расул кызы, Гүлжигит Сатыбеков, Нурлан Насип, Гүлжигит Калыков, Бактияр Токторов, Аваз Акимов, Нурмат Садыров, Кенже Дүйшеева, Жийдеш, ошондой эле "Non-Stop", "Кыз-Бурак", "Заман", "Добулбас", "Жебе" топтору да күйөрмандарга өз өнөрлөрүн тартуулашса, күлкү жаратуучулар Актан Рыскелдиев, Мыктыбек Мукаев, Нурсултан Курсанали уулу көрүүчүлөрдү күлкүгө бөлөшмөкчү.
Бул чоң концерттин дагы бир өзгөчөлүгү - анын "Супер сулуу-2016" сынагы менен коштолушу. Сынактын катышуучулары өздөрүн тааныштырып, чыгыш бийлерин бийлеп, кече көйнөктөрүн көрсөтүшөт. Калыстардын чечими менен эң мыкты делген сулуу кыштын ызгаар суугунда Бали экзотикалык аралына эс алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Эскерте кетсек, SUPER.KG порталы 10 жылдыгынын урматына видеосынак жарыялап, анын жеңүүчүлөрү аныкталган. Дал ошол сынактын жеңүүчүлөрүнө да ушул концертте сахнада байгелер тапшырылат.