Ош-Кара-Суу унаа жолунда жол кырсыгы катталып, эки адам жабыркады

Ош-Кара-Суу унаа жолунда жол кырсыгы катталып, эки адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы Жылкелди айылында болуп, анда жеке менчик банкка караштуу инкассатор унаасы менен Хундай Портер үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Анын кесепетинен инкассатор унаасынын айдоочусу жана банк кызматкери жабыркап, ооруканага жеткирилген. Кырсык болгон учурда унаада акча болгон эмес.

Алдын ала маалымат боюнча, жол кырсыгынын келип чыгышына инкассатор унаасынын каршы тилкеге чыгып кетиши себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Mirzohidjon
2016-12-10 10:55:57
Ошол Жылкелди айылынын жанында мүрзө жайгашкан көп айдоочулар ылдамдыкты азайтуунун ордуна 100дө басып өтүп кетишет. Арбактарга куран окуп, пата кылып отуу керек. Ал жерде өтө көп кырсык болот.
0
Aytur
2016-12-10 12:00:16
Mirzohidjon, Пата эмес бата болот озунор да туура жазгыла.
+6
omka100514
2016-12-10 11:39:44
Өзү ошол жолдо авария көп болотго, айдочуларда болушунча катуу айдашат, бир нерседен кур калгансып
+1
tuigan.
2016-12-10 12:11:28
Озу инкассатор машинасын кайда корбоюн эрежени бузушат.Акчасын бар болсо да.болбосо да...
0
Bishkek.001
2016-12-10 14:06:22
Айланайындар шашпагылачы.шашсанар да барасынар бир күнү ошол жака
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан