SUPER.KG порталынын 10 жылдыгына арналган видеосынактын жеңүүчүсүнүн кыялы орундалды

9-декабрда болуп өткөн SUPER.KG порталынын 10 жылдыгына карата уюштурулган "Супер концерт" көптөгөн кызыктар менен коштолду. Анда 10 жылдыкка карата атайын видеосынактын жеңүүчүлөрүнө белектер ыйгарылды. 1-орунду алган Жанеля Светюковага ноутбук, 2-орунду алган Абиталиф Ариновго планшет, ал эми 3-орунду алган Бакыт Бекташевге уюлдук телефон тапшырылды.

Кызыгы, 1-орунду алган Жанеля сүйүктүү ырчысы Нурлан Насип экенин айткан. Андыктан алып баруучулар Урмат Усенов менен Эрмек Нурбаев ырчы ырдап бүткөн соң кичинекей жеңүүчүнү эл алдына чакырып, Нурлан Насип күйөрманы менен сүрөткө түшүп, колундагы гүлдестесин белекке берди.
Ошентип, жеңүүчү бир гана баалуу байгеге ээ болбостон, сүйүктүү ырчысы менен сүрөткө түшүп кыялын орундатты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Romantik.
2016-12-10 01:25:13
Кут болсун! Суйунбек Турубек улуу места алыш керек эле
0
aminali
2016-12-10 01:52:47
Ииийййи жаным десе Нуйулан Насип деди гооо!!!
0
Tansuluu09
2016-12-10 02:06:52
Азаматсынар белегинер кутту болсун
0
nur007mir009kg
2016-12-10 07:57:22
Иий кичинекей кыздын кубанганын коруп мен да аябай суйундум.
+1
Mirzohidjon
2016-12-10 09:30:04
Урматтуу Супер инфонун ышкыбоз-окурмандары жана менин улутума кызыккан досторум Менин улутум өзбек. Ош областынын Кара-Суу шаарынан болом. Анча мынча киргиздерге караганда мен Кыргызстандын патриотумун. Кыргызстанда жашагандан кийин ар адам кыргызча таза суйлош керек.
+6
nemo2016
2016-12-10 12:05:04
Mirzohidjon,азаматсын баардык туугандарга улгу бол
+1
Sezim.A
2016-12-10 10:12:32
Женишин кут болсун,кичинекейим!!!
+1
Alaikuu_Kan-Korgon
2016-12-10 11:16:23
Жыл
0
Baatur7777
2016-12-10 16:56:56
Нурлан насипти кичинекейлер баары тааныйт экен))))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан