Ырчы Кайрат Примбердиев "Голос" теледолбоорунун жарым финалына жолдомо алды

Ырчы Кайрат Примбердиев "Голос" теледолбоорунун жарым финалына жолдомо алды. Бул тууралуу аталган теледолбоорду уюштуруп жаткан орусиялык телеканалдын сайтында кабарланат.

Маалыматка караганда, Кайрат Примбердиев "Я спросил у ясеня" деп аталган ырды сахнага алып чыккан. Ага калыстар жана көрүүчүлөр да жогорку баасын беришкен.

Кубанычын жашыра албаган ырчы: "Чынын айтсам, күтүүсүз болду. Насаатчым Дима Билан мага жогору баа берет деп күткөн эмесмин. Бул ыр мага бала кезимден бери тааныш", - деди.

Эскерте кетсек, Кайрат Примбердиев орусиялык "Голос" долбоорунда Леонид Агутиндин тобуна кабыл алынган. 21-октябрдагы көрсөтүүдө Примбердиев долбоордон четтей турган болгондо калыстар тобундагы Дима Билан өз тобуна кошуп алган.

Кайрат Примбердиев "Голос" долбоорунун жарым финалына өттү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (39)
kanat.ozgorush
2016-12-10 18:35:37
озу бизге сындатып эле койсо. Ал денгелге канча тер тогуп жеткенин биз билбейбиз да.
+11
Bishkek.001
2016-12-10 18:51:06
Сындабаса кыргыз кыргызга окщобойтда озу.ушуну менен кыргызбыз
0
Altysh_Boldush
2016-12-10 20:43:58
Кеч мен туз эфирден коруп отурдум! Башында ойлогом женилип калатко деп. 20%.35%.дегенде эле Женди деп бакырдымго! 50% Кайрат примбердиев дедиго чиркин. Соонун Кайрат брат! Атандаштары да ишенбей баштарын чайпап бердиго))
+3
nur_zhoni
2016-12-10 21:02:17
Кароче баары жакшы ийгилик коштосун, дагы Оксана Казакова деген ырчы айым бар элего эмнеге бул выпускада чыкан жок мурдагы выпускада женген болчу
0
Altysh_Boldush
2016-12-11 01:30:04
nur_zhoni,менда тушунбой калдым! Ал катышпады
0
GGggUUuuLLll
2016-12-10 21:25:25
Үнү зыңк экен
+1
grace
2016-12-10 21:59:38
Кайрат биз сени менен сыймыктанабыз. Жубайыңа өзгөчө алкыш! Ушунчалык колдоо көрсөтүп, ийгилигиңдин жарымына ээ болду. Кыргыз элин дүйнө жүзүнө тааныткан сендей азаматтарыбыздан уучубуз кур эмес. Дагы да бийиктерге көкөлөй бер! Сен жеңишке татыктуусуң!
+4
Shirin_N88
2016-12-10 22:11:03
Эки орусту артка таштады азамат,озум женгендей суюндум .Болот экен го жакшы жанылык уксак.
+3
Umarbalapanym
2016-12-10 22:18:29
Жакшы жакшы,дагы мындан да коп ийгиликтер колдосун!Кайраттын уну жагат мага.
+2
Erkinali85
2016-12-10 22:52:09
Тойлорго чакыруу куч алса керек эми.мынчага ырдайм деп коркпой айта бер,ошого ылайык ырдайсын.
+2
Bak.taalai
2016-12-10 23:09:53
Молодец 3ко чейин прямой эфирин кордум бир тууганым чыккандай атын айтса денем дур этип ушундай толкунданып колдоп отурдум. Орустун калыстары молодец оз жагым анан бул акча берди деп тартпайт экенине ынандым биздикилер давно ким алаарын ырдай электе эле чечип наам да берип иймек.
+11
dobrajelatel
2016-12-11 01:42:29
Азамат Кайрат! Турдуу темпте мыкты ырдай алат.
Алахым куч берсин, колдоо берсин! Ийгилик элибиздин умутун актайт деген ишеничтемин.
+4
KurcAinura
2016-12-11 03:55:41
Кайрат ийгилик каалайбыз, азамат !!!
+1
arsenal.11
2016-12-11 04:01:24
Кайрат ото сонун ырдайт экен.Агутин окуноткооо командасындагылар Кайратка жетпейт экен ,Григорий Лепстин командасындагылар эн сонун экен,бирок Кайратда алардан калышпайт экен,коруп алып аябай суйундум,Кайратты лирикалуу ырдарды ырдашыны билген эмесмин молодец!алгаа
+4
sumaya
2016-12-11 11:50:09
Ар жума кунду чыдамсыздык менен кутмой болдум.Чынында голосуна соз жок.Кайрат артында калдайган кыргыз эли сени колдоп дуа кылабыз.Бийиктиктерди багындырышына ишенебиз.ИЙГИЛИК!!!
+2
Bubu88
2016-12-12 04:12:31
Талант бар бирок тааныш жок жүргөн экенсиң Каке келинчегине бали сени ушунча колдоп гилтейген орусиянын сахнасына чейин көтөрүп койду бул жакшылыгын унута корбо таптакыр анан бир аз көтөрүлүп звезда болуп кетсен өзүн типа Путин сезген Аскебизге окшоп орто жолго бала чакасы мн таштай качпагын. Эмне дейбиз эми дагы да өнөрүн өркүндөп далай ийгиликтерди жарата бер азамат сенин жарым финалга чыкканын эле кыргыз эли үчүн чоң сыймык болду
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан