Стамбулдагы жардыруудан 29 адам каза болуп, 166 адам жабыркады. Бул тууралуу чет элдик маалымат агенттиктери жазышты.
Маалыматка караганда, жардыруу кечээ, 10-декабрь күнү саат 22:30 чамасында "Бешикташ" футбол клубуна таандык "Vodafone Arena" стадионунун жанында болгон. Анда кош жардыруу орун алып, анын кесепетинен 29 адам каза тапкан. Алардын көпчүлүгү полиция кызматкери экени айтылууда. Жардыруу "Бешикташ" менен "Бурсаспор" футбол командаларынын беттешүүсү бүткөн маалга туш келген.
Түркияда бир күндүк аза күтүү жарыяланды.