ЖЫЛНААМА, 11-ДЕКАБРЬ: Орусиялык атактуу музыкант Андрей Макаревич 63 жашка толду

Орусиянын Эл артисти Андрей Макаревич 63 жашка толду. Советтик жана орусиялык музыкант, ырчы, акын, композитор, сүрөтчү, продюсер, телеалпаруучу жана “Машина времени” ырчылар тобунун лидери 1953-жылы 11-декабрда Москва шаарында архитектордун үй-бүлөсүндө туулган.

Андрей Макаревич атасынын жетекчилиги менен бала кезинен фортепианодо ойногон. 12 жашында өзү гитара чертүүнү үйрөнүп, ыр жазган. Ал Булат Окуджава жана "The Beatles" тобунун ырларына кызыккан.
8-классында "The Kids" ансамблин негиздеп, чет элдик ырларды ырдап чыгышкан. Ал эми 1969-жылы классташтары менен "Машина времени" рок тобун түзгөн. Бул топ алгач "Time mashine" деп аталып, "The Beatles" тобунун ырларын аткарган. 1973-жылдан тартып топтун аты орусчаланып, "Ты или я", "Из конца в конец", "Марионетки" деген аталыштагы белгилүү ырларын жаздырган. Аны менен катар Макаревич сүрөтчүлүк өнөр менен алектенип, көргөзмөлөрү дүйнөнүн бир нече өлкөлөрүндө өтүп турган.
90-жылдардын башында аталган топ орус рок жанрынын классикасына айланган "Будет день", "Свеча", "Снег" жана башка ырларды жараткан. Ошол эле жылы ырчы өзүнүн "Поворот" деген хитке айланган чыгармасын чыгарган. 1993-жылы Макаревич "Смак" кулинардык телекөрсөтүүсүнүн алып бара баштаган. Ал эми 2002-жылы "Креоль тангосунун оркестрин" негиздеген. Музыкант учурда да чыгармачылык менен кызуу алектенип жаткан кези.

11-декабрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан