Москвада өткөн "XXI Спартак-2016" Эл аралык Кубогунда Кыргыз өлкөсүнөн барган спортчулар жеңишке жетишишти

Москвада өткөн "XXI Спартак-2016" Эл аралык Кубогунда Кыргыз өлкөсүнөн барган спортчулар жеңишке жетишишти. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда Спорттук бий федерациясынан кабарлашты.

"10-11-декабрь күндөрү Москвада спорттук жана бал бийлери боюнча "XXI International Spartak Cup Dancesport Championship-2016" турнири өттү. Жыл сайын өтүүчү бул мелдешке Франция, Испания, Беларусь жана Орусиянын бийчилеринен "WDSF International Open AdultLatintaken place in Moscow" категориясында 98 жуп катышкан. "Чоңдор арасындагы латино" категориясында Артём Семеренко жана Валерия Качалко 1-орунга ээ болушту", - деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары ушул эле категорияда Рустам Резванов жана Анастасия Зуева 37-орунду алышкан, ал эми Фарух Мамаджанов жана Надежда Бурау 51-орунга ээ болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан