8-декабрда Орусиянын Петропавловск-Камчатский шаарында волейбол боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталды. 12-ирет уюштурулуп жаткан мелдешке орусиялык "Узон", "Сокол", "Камчатаэронавигация", "Регион" командалары жана бишкектик "Улар" командасы катышты.
КРнын Волейбол федерациясынан кабарлашкандай, "Улар" 4 беттеште тең жеңишке жетишти. Алар чечүүчү беттеште "Камчатаэронавигация" командасына каршы туруп, 3:2 эсебинде (25:23, 21:25, 25:14, 14:25, 9:15) утуп чыгышты.
Мелдешке быйыл 3-ирет катышып жаткан "Улар" командасы алгачкы жолу алтын медаль тагынды. Кийинки байгелүү орундарды "Сокол" жана "Камчатаэронавигация" командалары багындырышты.