Балбан Эламан Догдурбек уулу Венгриядагы Дүйнө чемпиондугунда коло медаль тагынды

10-декабрда Венгрияда күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу старт алды. Анда "Рио-2016" Олимпиадасынын программасына кирбей калган 6 олимпиадалык эмес салмакта жеңүүчүлөр аныкталууда. Мелдеш алкагында кыргыз балбаны Эламан Догдурбек уулу эркин күрөш боюнча 70 килограмм салмакта килемге чыгып, коло медаль тагынды.

Ал алгач казак балбаны Нурлан Бекжанов менен беттешип, 1:5 эсебинде утулууга мажбур болду. Атаандашынын финалга чыкканы Догдурбек уулуна коло медаль үчүн күрөшүү укугун берди. Жыйынтыгында ал коло медалга карай бет алып, алгач венгриялык Цомбор Истван Гуляшты утту (5:4). Кийинки кармашта молдовалык Михаил Саваны 8:2 эсебинде утту.

Ал эми 3-орун үчүн чечүүчү кармашта балбаныбыз япониялык Набуеси Такожима менен беттешип, 11:0 эсебинде утуп алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Shaa-82
2016-12-12 10:55:27
Азаматсын! Кыргыздын желегин желбирете бергиле, Аллах омурунорду узун кылсын!
0
adiletkgz
2016-12-13 12:27:25
Аллах колдосун спортсмендерибизди
0
tim90
2017-01-03 20:22:38
админ, токио 2020 олимпиадасына барууга жолдомо кантип алса болот? эркектер арасында 56 кг салмакта штанга которууго катышсам дейм. рио 2016да 56 кг салмак боюнча 1-орунга кытайлык лун 170кг-ды толчок менен которуп алтын утуптур. мен ага жетем деп ойлойм. рахмат
0
admin_portal
2017-01-04 09:38:58
tim90, жолдомо ойнотулуучу мелдештер 1,5-2 жылдан кийин болот. Алгач өлкө чемпионатын утуп, улуттук курама командага кирүү керек.
0
tim90
2017-01-10 20:54:40
рахмад админ, а өлкө чемпионаты качан болот?, кечиресиз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан