27-апрелде Бишкекте комплекстик жеңил атлетика боюнча эстафета уюштурулат. Иш-чара саат 10:00дө Байтик баатыр-Тынчтык көчөлөрүнүн кесилишинде орун аларын мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, эстафета быйылкы "Иштерман жылынын” алкагында Октябрь райондук администрациясы тарабынан уюштурулууда. Уюштуруучулардын айтымында, бул иш-чаранын максаты - Бишкек шаарында спортту өркүндөтүү, жаштар менен өспүрүмдөрдү спортко кызыктыруу болуп саналат. Ал эми мелдешке мектептердин курама командалары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, райондук кызматтардын, райондук администрациянын командалары катышат. Эстафетанын маршруту 2 чакырым аралыкты түзөт.