Нигерияда чиркөөнүн чатыры кулап, 200дөн ашуун адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кырсык орун алган чиркөөнүн курулушу толук бүткөн эмес. Курулушчулар ишемби күндөгү салтанатка имаратты шашылыш даярдоо аракетин көрүшкөн. Чатыр кулаганда имараттын ичинде жүздөгөн адам болгон. Алгач коюлган устундар кулап, андан соң темир чатыр кулап түшкөн. Кырсык Нигериянын Уйо шаарында болгон.
Маалым болгондой, жергиликтүү ооруканалар жабыркагандарга жана өлүкканалар каза болгондорго толгон.