"Манас" аэропортунда бүгүн, 12-декабрда Кыргыз Республикасынын жараны, 1996-жылы туулган Б. кызы К. башка бирөөнүн паспорту менен кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы кабарлайт.
"Ал жаран Бишкек-Стамбул каттамы менен Стамбулга учууну көздөгөн. Анын айтымында, буга чейин ал Түркиядан жасалма визасы үчүн депортацияланган. Мындан улам тууганынын жалпы жарандык паспорту менен учууну чечкен", - деп айтылат маалыматта.
Тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган жаран Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине иликтөө иштери үчүн тапшырылган.