Бишкекте 6-12-декабрь аралыгында тогуз коргоол боюнча залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган мелдеш болуп өттү. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, анда кыз-келиндер жана уландар арасында жеңүүчүлөр аныкталды.
Мелдешке Казакстан, Монголия, Түркия, Түркмөнстан жана Кытайдан спортчулар катышты. Жыйынтыгында кыз-келиндер арасында да, уландар арасында да алтын медалды казакстандык спортчулар багындырышты.
1-орун. Салтанат Сапарбекова (Казакстан)
2-орун. Аида Керимбекова (Кыргыз Республикасы)
3-орун. Жаңыл Сагынбекова (Кыргыз Республикасы)
Уландар арасында байге ээлери:
1-орун. Берик Сарсенбаев (Казакстан)
2-орун. Муратали Исмоилов (Кыргыз Республикасы)
3-орун. Бауржан Аблайхан (Казакстан)