7-8 жаштагы 2 жан кечти кыз Нигериянын Майдугури шаарындагы базарда өздөрүн жардырышты

7-8 жаштагы 2 жан кечти кыз Нигериянын Майдугури шаарындагы базарда өздөрүн жардырышты. Бул тууралуу BBC басылмасы бүгүн, 12-декабрда жазып чыкты.

"Жардыруулардын аралыгы бир нече мүнөттү түзүп, жыйынтыгында анын айынан жок дегенде 1 адам каза болуп, 18 адам жаракат алды. Жардыруулар базарда кардарлар көп болгон учурда уюштурулган. Эки кыз тең каза болду", - деп жазат басылма.

Жергиликтүү элдик кошуундун өкүлү Абдулкарим Жабо журналисттерге кыздар базарга келери менен эл көп чогулган жакты көздөй чуркашканын айткан.

"Мен алардын бири менен хауса, андан кийин англис тилинде сүйлөшүүгө аракет кылдым, бирок ал жооп бербей койду", - деген өкүл. Андан соң ал кыздардын бири соода катарларына жетип, жарылуучу затты иштеткенине күбө болгон.

"Жардырууларга азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек. Нигериялык "Боко Харам" уюму буга чейин да кичинекей балдарды жан кечти катары колдонуп келгени белгилүү. Акыркы айларда ал уюмдун жоочуларын жергиликтүү аскерлер сүрүп чыкканы менен, алар мезгил-мезгили менен жардырууларды уюштуруп келишет", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Beko87
2016-12-12 15:12:35
Жаш балдарды минтип жан кечти кылган канчалык жииркеничтуу адам.адам деген атка татыксыз мындайлар!
+10
ekaterinburg
2016-12-12 15:23:00
Он гулунон тогузоо ачыла элек кыздар...Элестетсен журок ооруйт.Байкуш кыздар ай!!!
+4
Pandora
2016-12-12 15:25:23
Тооба кылдым 7-8 жаштагы жаш кыздар,окушан оз козумо ишенбей кайра кайрап окуп чыктым.
+4
samsungc3
2016-12-12 15:38:58
Бактылуу балалыктын доорун сүрбөй кимдиндир куралы болушту. Аттииң...
+5
Mirzohidjon
2016-12-12 17:05:01
Акыйкатсыздык бизде эле го десем Африкада да бар турбайбы, капырай. Аттиң ай жаш кыздарды бул ишке алдап кондургон ХХХ наалат болсун
+4
admin_portal
2016-12-12 17:33:30
Mirzohidjon, этика нормаларын сактаңыз!
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан