ЖЫЛНААМА, 12-ДЕКАБРЬ: Белгилүү КВНчи, актёр жана шоумен Сергей Светлаков 39 жашка толду

Белгилүү КВНчи, комедиялык актёр жана шоумен Сергей Светлаков 39 жашка толду. Ал 1977-жылы 12-декабрда Орусиянын Екатеринбург шаарында төрөлгөн.

Урал мамлекеттик университетинде билим алган. Студент кезинде "Рыцарь института" сынагында утуп алып, окуу жайдын "Барабашки" КВН командасынын капитаны болгон. Кийинчерээк команданын аталышы "Парк текущего периода" деп өзгөртүлүп, Сочидеги фестивалдарга катышып, калың элдин сүймөнчүгүнө ээ болгон.
Сергей Светлаков "Уральские пельмени" командасы менен анын тамашаларынын автору катары бирге иштешкен. Кийинчерээк анын курамына кирип, 2000-жылы аталган команда КВН Жогорку Лигасынын чемпиону болгон. Күлкү жаратуучу Гарик Мартиросян, Семён Слепаков, Артур Тумасян жана Сергей Ершов менен КВН үчүн сценарий жазып жүргөн. Кийинчерээк бул чыгармачыл топ Орусияда "Comedy Club`ды" негиздеген. Светлаков үчүн "Прожекторперисхилтон" телеберүүсүндө Иван Ургант, Александр Цекало жана Гарик Мартиросян менен чогуу иштөө чоң жетишкендик болгон. Мындан тышкары ал "Наша Russia", "Наша Russia. Яйца судьбы", "Ёлки", "Ёлки 2", "Джунгли", "Горько!", "Ёлки 3", "Горько! 2" аттуу бир катар тасмаларга жана теледолбоорлорго тартылган.
12-декабрга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан