Мадриддик "Реал" футбол боюнча клубдар аралык Дүйнө чемпиондугуна катышуу үчүн Японияга жөнөп кетти. Буга байланыштуу футболчу Криштиану Роналду Париждеги "Алтын топ" сыйлыгын тапшыруу аземине катышпайт. Бирок ал аземде Роналду мыкты футболчу катары сыйлык ээси болуп табылат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлайт.
Маалыматка ылайык, иш-чарада футболчунун кайрылуусун камтыган алдын ала даярдалган видео көрсөтүлөт. Ошондой эле футболчу "Алтын топ" менен жаңы фотосессия кылган.
Кошумчалай кетсек, быйыл Эл аралык Футбол федерациясы (ФИФА) дүйнөнүн мыкты футболчусуна "Алтын топ" сыйлыгын тапшырууну токтотту. Эми сыйлыкты "France Football" басылмасы өз алдынча тапшырат. Бул ФИФА менен "France Football" басылмасынын ортосундагы 5 жылдык кызматташууга чекит коюлганы менен түшүндүрүлөт. Сыйлык 1956-жылдан 2009-жылга чейинки аралыкта дал ушундай форматта тапшырылып келген.
Дагы башка өзгөрүүлөргө токтолсок, "Алтын топ" сыйлыгына негизги 3 талапкерди иргеп алуу токтотулду: талапкерлердин саны 30ду түзөт. Бул баскычта ФИФАга мүчө болгон мамлекеттердин улуттук курамаларынын капитандарынын жана машыктыруучуларынын добушу эске алынбайт. Жеңүүчүнү журналисттер аныкташат. Ошондой эле сыйлык тапшыруу мурунку жылдары январь айында уюштурулса, мындан ары декабрь айында өткөрүлмөкчү.