Бүгүн, 12-декабрда "Манас" кинотеатрында "Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" VI Эл аралык кинофестивалынын салтанаттуу ачылышы өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.
Кинофестивалдын ачылышынын жыйынына калыстар тобунун мүчөлөрү, "Айтыш" коомдук фондунун директору Акжол Бекболотов катышты.
Калыстардын төрагасы казакстандык Дарежан Омирбаев кыска метраждуу тасмалардын кинофестивалы маанилүү экенин, алар искусствого жакыныраак болорун айтып, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирген. Орусиядан келген калыстар тобунун мүчөсү Элла Манжеева бул фестиваль тууралуу мурун эле укканына токтолуп, анын өнүгүшүнө кубанып жатканы менен бөлүштү. Бул иш-чарага байланыштуу жаңы ысымдар чыгып, өлкөнү чет элдиктерге таанытып жатканын белгилеп өттү. Молдовалык калыс Вирджилиу Мэрджиняну кинофестивалдын директору катары мындай иш-чараны өткөрүүнүн түйшүгүн жакшы билерин айтып, бул фестиваль өлкөнүн белгиси болорун кошумчалады. Өзбекстандык калыс Мансур Васати Кыргыз жергесине алгачкы жолу келбегенин, өлкөбүз ал үчүн экинчи үй болуп калганын белгиледи.
Долбоордун негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз Кыргыз өлкөсү бир нече жыл мурун өзүн революциялардын, ызы-чуунун өлкөсү катары таанытып, дүйнөлүк массалык медиада уттуруп койгонун айтты.
"Дал ушул себептүү, дүйнөлүк аренада өлкөнүн имиджин көтөрүү максатында бул долбоор иштелип чыккан. Биздин өлкөбүз ийгиликтүү экенин, киноиндустриясы өнүгүп жатканын көрсөткүбүз келген. Фестиваль жаңы жолугушуулар, жаңы долбоорлор үчүн аянт болду", - деди Садык Шер-Нияз.
Кинофестиваль Болот Шамшиевдин "Манасчы" даректүү тасмасы менен ачылды. Белгилей кетсек, кинофестиваль 12-15-декабрларда "Манас" кинотеатрында орун алып, Чыңгыз Айтматовдун элесине арналат. Фестивалдын эл аралык сынагына 14, ал эми улуттук сынакка 12 тасма катышат. Жеңүүчүлөр 15-декабрда саат 18:00дө аныкталат.