9-декабрь күнү борбор калаадагы Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда SUPER.KG порталынын 10 жылдык мааракесине байланыштуу "Супер концерт" орун алды. Бул мааракеге байланыштуу сахна атайын жасалгаланды. Анда белгилүү ырчылар Гүлнур Сатылганова, Алина Жетигенова, Айчүрөк Иманалиева, Динара Акулова, Асел Турдалиева, Кенже Дүйшеева, Жийдеш Идирисова, Клара Алибекова, Айжамал Кабылова, Айгерим Расул кызы, Гүлжигит Сатыбеков, Нурлан Насип, Гүлжигит Калыков, Бактияр Токторов, Аваз Акимов, Нурмат Садыров, ошондой эле "Non-Stop", "Кыз-Бурак", "Заман", "Добулбас", "Жебе", "Биз" топтору күйөрмандарга өз өнөрлөрүн тартуулашса, күлкү жаратуучулар Нурсултан Курсанали уулу жана Актан Рыскелдиев, Мыктыбек Мукаев баштаган "Позитифф" командасы көрүүчүлөрдү күлкүгө бөлөштү.
Концертте алып баруучулук тизгинди белгилүү жана таланттуу алып баруучулар Нурзат Токтосунова, Эркин Рыскулбеков, Урмат Усенов, Эрмек Нурбаев аркалашты. Ошондой эле концерт "Супер сулуу-2016" сынагы менен коштолуп, анда "Супер сулуу-2016" наамы менен катар Бали аралына жолдомону Бактыгүл Орозбаева утуп алды.
Концертте ырчылар эл жүрөгүнөн түнөк тапкан хит чыгармаларды аткарышты. Малайзиядан келип, "Кара жорго" ырын кыргызча ырдаган Фарра Фаттах күйөрмандардын өзгөчө колдоосуна ээ болсо, Клара Алибекованын бир кездеги "Кыргызымдын жигиттери" хит ыры менен сахнага чыкканы көпчүлүккө күтүлбөгөн номер болду. Ал эми Ильяз Андаш менен Курал Чокоевдин тойлордо жаңырып жүргөн "Сейдакматтын ыры" көрүүчүлөргө өзгөчө шаң, энергия тартуулады. Ошондой эле дагы бир өзгөчөлүгү - эки муундун атайын жазылган дуэттери келген коноктордун көпчүлүгүнө жагымдуу сюрприз болду. Себеби күйөрмандар арасында 80-90-жылдардагы ырларды сагынгандар да бар эле.
Кече соңунда Каныкей, Омар, Нурлан Насип, Жийдеш, Баястан порталдын 10 жылдыгына карата "Super.kg'ге арноо ырын" аткарышты.