Белгилүү орусиялык жана казакстандык ырчы, композитор Мурат Насыровдун 1969-жылы 13-декабрда Казакстандын Алматы шаарында төрөлгөн. Мураттын музыкага болгон кызыгуусу 7 жашынан ойгонгон. Гитара чертүүнү үйрөнүп, өзүнө жаккан ырлардын обондорун ойной баштайт. Ошондой эле анын музыкалык шыгы байкалган. Музыкадан тышкары ырчы математика, физика сабактарын кызыгуу менен окуганы белгилүү. Мектепти аяктагандан кийин аскерге чакырылат. Аскерден келген соң ырчы чыгармачылыкка жан дили менен берилип, “Москвага барып чыгармачылыгымды улантсам” деген ойго арбалат. Буга ата-энеси каршы чыгат, бирок өзүн сахна адамы элестетип алган Мурат эч кандай тоскоолдукка, апасынын ыйлаганына да карабастан, 1989-жылы Москвага сапар алат.
Ырчы 2007-жылы 19-январдан 20-январга караган түнү 37 жашында Москвадагы 5-кабатта жайгашкан батиринин балконунан кулап түшүп көз жумган. Анын бул кадамынын себеби белгисиз бойдон калган. Кээ бирөөлөр аны депрессиядан улам өзүнүн өмүрүнө кол салган десе, айрымдар ырчынын үйүнө буйрутма менен аны өлтүргөнгө бирөө кирген деп айтышат.
13-декабрга карата жылнаама.