Португалиялык Криштиану Роналду "Дүйнөнүн мыкты футболчусу" деп табылып, "Алтын топко" ээ болду. Бул тууралуу сыйлыкты уюштуруп жаткан "France Football" басылмасы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, сыйлык тапшыруу аземине 31 жаштагы футболчу келген жок, бирок "Алтын топ" анын колуна күн мурунтан тапшырылган. Ал 2016-жылы "Реалдын" курамында Чемпиондор Лигасын утуп, Португалиянын курамында Европа чемпиону аталган.
Добуш берүүдө 2-орунду Лионель Месси ээлесе, 3-орунду франциялык Антуан Гризманн ээледи.
Футболчу ушуну менен 4-ирет жыл мыктысы аталып отурат. Буга чейин ал 2008-жылы, 2013-жылы, 2014-жылы сыйлык ээси болгон. Бул жаатта 5 "Алтын топ" алган аргентиналык футболчу Лионель Месси -рекорд ээси.
Белгилей кетсек, Эл аралык Футбол федерациясы (ФИФА) дүйнөнүн мыкты футболчусуна "Алтын топ" сыйлыгын тапшырууну токтотту. Эми сыйлыкты "France Football" басылмасы өз алдынча тапшырат. Бул ФИФА менен басылманын ортосундагы 5 жылдык кызматташууга чекит коюлганы менен түшүндүрүлөт. Сыйлык 1956-жылдан 2009-жылга чейинки аралыкта дал ушундай форматта тапшырылып келген.
Дагы башка өзгөрүүлөргө токтолсок, "Алтын топ" сыйлыгына негизги 3 талапкерди иргеп алуу токтотулду: талапкерлердин саны 30ду түзөт. Бул баскычта ФИФАга мүчө болгон мамлекеттердин улуттук курамаларынын капитандарынын жана машыктыруучуларынын добушу эске алынбайт. Жеңүүчүнү журналисттер аныкташат. Ошондой эле сыйлык тапшыруу мурунку жылдары январь айында уюштурулса, быйыл декабрь айында өткөрүлдү.