ЖЫЛНААМА, 13-ДЕКАБРЬ: "Даңазалуу доордо" Ибрагим пашанын ролун жараткан актёр Окан Ялабык 38 жашка толду

"Даңазалуу доор" тасмасында Ибрагим пашанын ролун жараткан актёр Окан Ялабык 1978-жылы 13-декабрда Түркиянын Стамбул шаарында жарык дүйнөгө келген. Окуучу кезинде мектептин алдындагы театралдык клубга жазылып, өнөрүн элге тартуулай баштаган. Мектепти актаган соң Окан Ялабык Стамбул консерваториясынын драма бөлүмүнө тапшырган. Актёрдук чеберчилик боюнча сабактарды ал белгилүү түрк актёрлорунан үйрөнгөн.

20 жашында Стамбул театрына актёр катары жумушка орношот. Ал эми 2003-жылы "Серсери" деп аталган мелодрама жанрындагы тасмага тартылып, атактуулукка жеткен. Ошол эле жылы "Шедевр" сериалына тартылып, белгилүү композитордун ролун ойногон. 2004-жылдан тарта актёрго белгилүү режиссёрлордон тасмага тартуу сунушу түшүп, "Күз оорусу", "Түшүнчү мени, сүйүктүүм", "Бул жүрөк сени унутабы?" кинолоруна тартылып, мыкты ролдору үчүн сыйлыктарга ээ болгон.

Окан Ялабыкка чыныгы атак-даңкты "Даңазалуу доор" тарыхый сериалындагы Ибрагим пашанын ролу алып келген. Бул ролу үчүн актёр "Анталия" улуттук сыйылыгын алып, "2011-жылдын мыкты драма актёру" номинациясын жеңип алган.

Ал актёрлук кесибинен тышкары жарнамалык түрмөктөргө тартылып, "Кунг-фу Панда", "Кунг-фу Панда-2" мультфильмдеринде түрк тилинде үн коштогон.

Актёр гитара жана флейта музыкалык аспаптарында ойнойт. Күз мезгилин жактырган Окан Ялабык кымбат курорттордо эмес, айылда эс алганды жакшы көрөт. Ал тыкандыгы, интеллигенттүүлүгү, ак көңүлдүгү жана жөнөкөйлүгү менен башкалардан айырмаланып турарын кесиптештери айтышат.

13-декабрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
leilek_suluktu
2016-12-13 13:27:17
Келин сериясын коюнуздар суранам Анандини
-2
semo
2016-12-13 17:55:06
Өтө жакшы ойногон чыныгы талант азаматсын
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан