7 ирет Олимпиадага катышкан өзбекстандык спортчу "Гиннесстин рекорддор китебине" атын жазды

7 ирет Олимпиада оюндарына катышкан 41 жаштагы Оксана Чусовитина "Гиннесстин рекорддор китебине" атын жазды. Ал гимнастика боюнча Олимпиадага 7 ирет катышкан жалгыз спортчу. Ошондой эле 41 жашында бул спорт түрү менен машыгып тим болбой, эң ири мелдеш болгон Олимпиадага катышканы анын рекорд жаратуусун шарттаган.

Оксана 1992-жылы Олимпиада оюндарынын алтын медалын тагынган. Бирок анда мурунку совет өлкөлөрүнүн спортчуларынан куралган команда менен чогуу утуп, жеңишти жеке өзүнө энчилей алган эмес. 2008-жылы Германиянын атынан чыгып, күмүш медаль тагынган. 2013-жылы Өзбекстанга көчүп келип, өлкө намысын коргой баштаган. Ал жекеликте Өзбекстанга алтын медаль алып берем деген кыялын ишке ашыра элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Nukeww
2016-12-13 12:22:30
укмуш ко
-1
Tansuluu09
2016-12-13 12:52:38
Азаматсын
-1
Ilgiz2016
2016-12-13 16:43:45
Мындан ары катышуугада кыйынго менимче.
0
elmurat.kg
2016-12-13 20:01:07
озбектер 1кундо 10жолу макташат ушуну.ии мактанчаактар.кыргызстанга келсе жакшы болотле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан