Кыргыз дизайнери Орусияда өткөн "Алтын бүргө" сынагынын жеңүүчүсү болду

Кыргыз дизайнери Талгат Нурдинов Орусияда 2000-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан дизайнерлердин "Алтын бүргө" сынагында 1-орунду алды. Бул тууралуу сынактын расмий сайтында жарыяланды.

Орусиянын дизайнерлер кеңешинин вице-президенти Виктор Сумароков жеңүүчүнү өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында куттуктаган.

"Алтын бүргө-2016" сыйлыгы 17 жыл аралыгында 4-ирет Орусиядан тышкары кетип жатат. Бул жолу Чүй өрөөнүндөгү Тянь-Шань тоо этектеринде жайгашкан Кыргыз өлкөсүнүн борбору Бишкекке жиберилди. Бул жылкы долбоордун жеңүүчүсү болуп "Bruce Lee Dragon" чыгыш күрөш клубуна тарткан логотиби менен Талгат Нурдинов табылды. 龍 - кытай иероглифи "ажыдаар" сөзүн билдирет. Дал ушундай ат менен Ли Сяолунду (Брюс Лини) аташкан. Анын элеси чеберчилик менен иероглифтин өйдө жагына жайгаштырылган. Бул логотип күзгө чейин долбоордун флагманы болот", - деген Сумароков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Azizbek.kg8
2016-12-13 14:51:30
Алтын бурго дейтко
+2
semo
2016-12-13 18:26:06
Азамат өнөрүң өркүндөсүн
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан