Аламүдүн районунда "тургунду сабады" деп шектелген жаран кармалды

Аламүдүн районунда "тургунду сабады" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 12-декабрь күнү милиция кызматкерлерине 42 жаштагы Г.М. аттуу аял кайрылып, белгисиз адам мас абалда үйүнө кирип, ур-токмокко алганын айткан. Бул боюнча ыкчам издөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 30 жаштагы Л.В. кармалган. Учурда ал Аламүдүн РИИБинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилип, иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jeka1996vip
2016-12-13 13:41:49
супермендер супер концерт качан чыгат твга жана бул жака?
+1
admin_portal
2016-12-13 14:27:25
Jeka1996vip, саламатсызбы! Жакында порталдын "Кинозал" бөлүмүнө жүктөлөт.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан