
1941-жылы 13-декабрда чоң мөңгүнүн бир бөлүгү сынып, Палькакоча көлүнө кулаган. Андан жаралган толкундун күчү сууну кармап турган таштарды талкалап, жанындагы көлгө кошулуп, натыйжада суу каптоо жүргөн. Мөңгүлөрдүн, аскалардын сыныктары бар суу 15 мүнөттө Хуараз шаарын каптап, анын кесепетинен 6 миңден ашуун адам көз жумган. Аталган шаарды суу менен камсыз кылган Палькакоча көлү деңиз деңгээлинен 4566 метр бийиктикте жайгашкан.