Өзбекстанда кыздарды сексуалдык кулчулукка сатууну уюштурган жаран эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда өзбекстандык маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Бекабад облусунун туругуну 24 жаштагы Елена Орлова "ресторанда айлык маянасы жогору иш бар" деп алдап, кыздарды Казакстанга жөнөтүп жүргөн. Өзбекстандан жөнөтүлгөн кыздарды ал жакта Регина аттуу кыз тосуп алып турган. Елена Орлова ар бир жиберген кыз үчүн 400 АКШ долларын алып турганы айтылат маалыматта. Ал эми сатылган кыздар ал жакта сауналарда иштешчү.
Маалым болгондой, Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматы Орлованы кыздардын дагы бир тобун Казакстанга жиберүү аракетин жасап жатканда кармап, адам сатуу боюнча кылмыш ишин козгогон. Жергиликтүү сот "адам сатуу" беренесине ылайык, Орлованы 5 жылга эркинен ажыраткан.