Сулуулук эле эмес, чыгармачылык да кандайдыр бир курмандыктарды талап кылары талашсыз. Дегенибиз, ырчы KG Эльмурат "Унут мени" ырынын клибин тартууда пианинону чындап өрттөшкөнүн айтат.
"Клипти тартууда мен ырдап жаткан кадрды алуу процессине гана катыштым. Каармандарды табуу, клиптин идеясын иштеп чыгуу, аны тартуу иштери, кыскасы, калган жумуштун баары режиссёр Бейпил Мамановго таандык. Кызыгы, пианино өрттөлгөн кадр бар эмеспи, ошол кадр чындыкка жакын болуш үчүн режиссёр атайын алыскы айылдардан эски пианино таап, сатып алып, аны бир сыйра оңдоп-түзөөдөн өткөрүшкөн. Боёп, тартуучу аянтка алып келип, анан өрттөшкөн. Мен ага кеткен бардык чыгымды төлөп бергем", - деп билдирди ырчы.
Ал эми клиптеги кемчиликтер тууралуу мындай дейт: "Албетте, бардык нерсенин өзүнүн кемчилиги болот. Клипте башкы каармандардын ашыкча боёнуп алганын байкоого болот. Мен бул нерсени байкаганда тартуу иштери бүтүп калган эле, андыктан баарын кайра тартууга убакыт жок болчу".
Ырчы KG Эльмураттын "Унут мени" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.