Футболчу Лионель Месси баштыкты форма кылып кийип дүйнөгө таанылган ооганстандык жаш күйөрманы Муртаза Ахмадиге жолукту. Бул тууралуу маалыматты "Барселона" футболдук клубу таратты.
Маалыматка ылайык, алардын жолугушуусу Катарда орун алган.
Кошумчалай кетсек, сүрөт жыл башында интернетте пайда болуп, популярдуу болгон. Британдык ВВС коомдук телерадио мекемеси сүрөттө 5 жаштагы ооганстандык бала Муртаза Ахмади экенин аныктаган. Интернет колдонуучулары канча аракет кылышпасын, баланы кумирине жолуктура алышкан эмес. Кийин Месси ага формасын белек кылган.
Кийин Муртаза Ахмадинин үй-бүлөсүнө коркунуч туулуп, алар Ооганстандан качып кетүүгө мажбур болушкан. "Менин уулум тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыккандан кийин телефон аркылуу коркутуулар көбөйдү. Биз өлкөнү таштап, Пакистанга качкандан башка арга таба алган жокпуз", - деген эле анда атасы. Ахмадинин үй-бүлөсү БУУнун Качкындар боюнча агенттигине кайрылган.