Алжирлик футболчу, англиялык "Лестер" футболдук клубунун жарым коргоочусу Рияд Марез 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча "Африканын мыкты футболчусу" болуп табылды. Бул наам үчүн күрөштө ал габондук Пьер-Эмерик Обамеянг ("Боруссия", Германия), ганалык Андре Айю ("Вест Хэм", Англия), сенегалдык Садио Мане ("Ливерпуль", Англия) жана Кот-д’Ивуардын өкүлү Яя Туре ("Манчестер Сити", Англия) сыяктуу атаандаштарын артка калтырды.
"Африкалык футболчулар үчүн бул сыйлык чоң ролду ойнойт. Мен майданда мыкты оюн көрсөтүүгө аракет кылам", - дейт футболчу.
Кошумчалай кетсек, Рияд ушул жылы "Лестер" клубу менен Англия Премьер-лигасын уткан. Команда лидери 37 оюнда 17 гол киргизген.