Ош облусунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жер силкинүү бүгүн саат 04:46 чамасында Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Алай тоо кыркаларында болгон. Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 4 балл, Кашка-Суу, Кабык, Кызыл айылдарында 3-4 балл, Дароот-Коргон, Талды-Суу айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.