Кечээ, 13-декабрда каталондук "Барселона" футболдук клубу Дубайдын "Аль-Ахли" футболдук клубу менен жолдоштук беттеш өткөрдү. Катардын Доха шаарында орун алган беттеш 5:3 эсебинде каталондуктардын жеңиши менен аяктады.
"Барселонанын" курамынан Луис Суарес, Лионель Месси, Неймар, Пако Алькасер жана Рафинья Алькантара гол жаратышты. Испаниянын учурдагы чемпиону өз тарыхында алгачкы жолу Катарда оюн өткөрдү.
Оюнга чейин команда лидери Лионель Месси баштыкты форма кылып кийип дүйнөгө таанылган ооганстандык жаш күйөрманы Муртаза Ахмадиге жолуккан. Майданга ал жаш күйөрманын жетелеп чыкты. Командалар сүрөткө түшкөн соң Месси жанында турган Муртазадан майдан четине чыгууну өтүндү. Бирок эки жакты карап туруп калган бала кумири менен коштошкусу келбей, кайрадан жанына чуркап барган. Анын бул кылыгы футболчулар Луис Суарес менен Неймарды гана эмес, Мессинин өзүн кошо жылмайтты. Жылмаюу тартуулаган Муртазаны беттеш калысы майдан четине алып чыкты.
Кошумчалай кетсек, Муртаза Ахмадинин баштыкты форма кылып кийип, ага Мессинин атын жазып алган сүрөтү жыл башында интернетте пайда болуп, популярдуу болгон. Интернет колдонуучулары аны кумирине жолуктурууга аракет кылышкан, бирок бул ишке ашкан эмес. Кийин Месси ага формасын белек кылган. Муртаза Ахмадинин үй-бүлөсүнө коркунуч туулуп, алар Ооганстандан качып кетүүгө мажбур болушкан.