Казак мушкери, бокс боюнча профессионалдар арасындагы Дүйнө чемпиону Геннадий Головкин расмий түрдө "Гиннесстин рекорддор китебине" атын жазды. Мындай маалыматты калың журтка мушкердин менеджери Жанар Утешева маалымдады.
Белгилүү болгондой, Головкин профессионалдык рингде 36 беттеш өткөрүп, баарында жеңишке жетишкен. 33 беттеш мөөнөтүнөн мурда аяктап, нокаут катталган. Анын рекорддор китебине атын жазганы дал ушул нокауттардын санына байланыштуу.
Мушкер 2003-жылы бокс сүйүүчүлөрүнүн арасында Дүйнө чемпиону аталган. "Афины-2004" Олимпиадасында күмүш медаль тагынган. 34 жаштагы боксчу учурда орто салмакта (72,5 килограмм) WBA, IBF, IBO жана WBC версиялары боюнча Дүйнө чемпиону.