Кечээ, 13-декабрда музыкант Канье Уэст Дональд Трамп менен жолугуп, рэп дүйнөсүндө сынга кабылды. Бул тууралуу CNN басылмасы жазып чыкты.
Жолугушуу Трамптын Нью-Йорктогу Trump Tower имаратында өткөнү белгилүү болду. Рэпер журналисттердин суроолоруна так жооп бербей "мен бизди сүрөткө тартышыңарды эле каалайм" деген, ал эми магнат Уэст менен көптөн бери тааныш экенин билдирип, аны "жакшы адам" деп атаган.
Бул жолугушуу көптөрдү таң калтырса, рэпер хип-хоп дүйнөсүндө сынга кабылды. Себеби Канье Уэст буга чейин АКШнын президенттигине талапкерлигин койгон Хиллари Клинтондун тарабын колдогон аялы Ким Кардашьян менен бирге Клинтондун кампаниясына каражат чогулткан. Рэпер Трампты колдой турганын өзүнүн концертинде билдиргенде, анын күйөрмандары бул сөздөрүн жактырышпаганын ачык билдиришкен. Ал концерттен кийин Уэст концерттик турун толугу менен токтотуп салган.
"Музыкант өзүнүн социалдык тармагындагы баракчасына #Kanye2024 хештегин колдонгону ал АКШда 2024-жылы боло турчу президенттик шайлоого талапкерлигин коёрунан маалымат берет", - деп жазышат батыш басылмалары.