Прокуратура каракчылыкка шектелген милиция кызматкерлеринин ишин сотко жөнөттү

Чүй облусунда каракчылыкка шектелген милиция кызматкерлеринин иши сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 4-октябрында Панфилов РИИБинин төрт кызматкери К.Э. аттуу жаранды сабап, жеке буюмдарын тартып алышкан. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында К.Энин денесине оор залал келтирилгени аныкталган. Мындан улам төрт милиция кызматкерине "каракчылык", "ден соолукка атайылап оор залал келтирүү" беренелери менен кылмыш иши козголгон. Учурда иш тергелип бүтүп, Жайыл райондук сотуна жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
A3A
2016-12-14 16:45:39
5 жылдан кем болбосyн
+2
A3A
2016-12-14 16:47:16
5 жылдан кем болбосyн
+2
Bishkek.001
2016-12-14 17:02:37
5 кундо чыгат.карга карганын козун чокубайт
+4
manachaka
2016-12-14 17:55:08
Качан эле Сотрудниктин камалганын уктунар эле. Карга карганын козун чукуй албай калды гоо!!!!!
+3
abusait
2016-12-15 10:16:01
5 жылдан кем болбосун!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан