Иорданиялык сүрөтчү жана аниматор Омар Момани ооганстандык баланын кыялын орундаткан футболчу Лионель Месси тууралуу таасирдүү карикатура жаратты. Карикатура интернетке жарыяланып, бул эмгекти коомчулук жогору баалады.
Кошумчалай кетсек, жыл башында Мессинин аты жазылган баштыкты кийип алган Муртаза Ахмадинин сүрөтү талкууга алынган. Кийин ага футболчу белек катары формасын берип жиберген. 13-декабрда кумир менен күйөрман жолугуп, Муртаза футболчу менен жетелешип майданга чыккан. Бул окуядан кийин Мессинин адамгерчилиги тууралуу жакшы пикир айткандар артып, бул күндүн окуясына айланды.