Алыш күрөшү боюнча улуттук курам Беларуста өткөн Дүйнө Кубогунда командалык эсепте 1-орунду ээледи. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мелдеш 10-11-декабрь күндөрү Минск шаарында өткөн. Мелдешке 17 мамлекеттин спортчулары катышып, 6 комплект медаль ойнотулган.
Жыйынтыгында кыргыз спортчулары 3 алтын, 1 күмүш, 1 коло медаль тагынышкан. Бул жыйынтык командалык эсепте 1-орунду камсыздоого шарт түзгөн. 2-орунду Украина курамасы ээлесе, үй ээси Беларусь курамасы 3-орунду камсыздады.