Бишкекте 21 жаштагы кыз изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 1995-жылы туулган Мадина Исмаилжан кызы 30-октябрь күнү Ак-Тилек жаңы конушундагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайтып келген эмес. Ал ата-энесине жолугуудан качып жүрөт.
Ошол күнү ал кара күрмө, кара шым, кара угги кийип жүргөн. Бою 150-155 сантиметр, чачы кара түстө.
Эгер аны көрүп-билгендер болсо, 0550 102-872, 0772 180-945 телефон номурлары аркылуу кабарлап койсоңуздар.