19 жашка чейинки курактагы кыздардан түзүлгөн футбол боюнча улуттук курам Азия чемпиондугунун тандоо туруна даярдык көрүүдө

20-24-декабрь аралыгында 19 жашка чейинки курактагы футболчу кыздардан түзүлгөн улуттук курамалар арасындагы Азия чемпиондугунун тандап алуу туру өтөт. Мьянмада өтө турган мелдешке кыргыздын футболчу кыздары даярдык көрүп жатышат.

КРнын Футбол федерациясынан кабарлашкандай, чүчү кулактын жыйынтыгында биздин футболчуларыбыз "С" тайпасынан орун алышкан. Бул тайпада Мьянма, Таиланд жана Палестина курамалары бар.

11-декабрда башталган кыз-келиндер курамасынын даярдыгы 17-декабрга чейин уланат. Машыктыруучу Гульбара Уматалиева жетектеген машыгуу сборуна 23 футболчу кыз чакырылган:

Дарбазачылар: Юлия Ломакова, Ангелина Гайер, Лоида Сагынбекова.

Коргоочулар: Алтынай Байзулдаева, Адинай Кылычбек кызы, Елизавета Подскребко, Ширин Анибарова, Кенже Асанакунова, Айзат Арабидин кызы, Баяна Келишова.

Жарым коргоочулар: Өмүркан Токтогулова, Керемет Исмаилова, Кенжебүбү Ырысбек кызы, Бибинур Романова, Бактыгүл Токтоболотова, Насибахон Анарбаева, Виктория Далингер, Гаухар Мурзалиева, Алтынай Курманалиева.

Чабуулчулар: Сетора Султанова, Малика Кадырова, Айжан Боронбекова, Шахноза Ибраимова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Lewa90
2016-12-15 10:32:21
Ийгилик анда
0
nurik11-29
2016-12-15 10:43:48
жакшы басымдуу болугу кыргыз кыздар экен ийгилик!!
-1
sirgak_92
2016-12-15 11:43:14
nurik11-29,э досум кыргызбы оруспу жакшы ойноп кыргыздын атын чыгарса болдубу коп улуттуу олко билип кой
0
Kainar20
2016-12-15 13:56:50
sirgak_92,брат кыргыздын атын кыргыз еле чыгарып алат кырыздын сусуун кымызын етин жеген бала гана жакшы ойноп бере алат
0
sirgak_92
2016-12-15 15:33:56
Kainar20,жаныласын досум кыргыздардын атын орустар деле чыгарып журот билбейсинби же 1 кыргыздардын атынан гиннестердин китебине рекорд койуп кирди Растислаф Сафин.Антон Землянухин олимп чемпиону унутуп койбош керек
0
nur_zhoni
2016-12-15 12:40:30
Алга кыздар мен силер менен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан