Базар-Коргон районунда турак үйдөн өрт чыгып, эки жаш бала түтүнгө ууланып каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, өрт кырсыгы бүгүн саат 10:45 чамасында Базар-Коргон айылынын Кызыл-Үңкүр көчөсүндөгү турак үйлөрдүн биринде чыккан. Кырсыктын кесепетинен 2006-жылы жана 2010-жылы туулган эки жаш бала түтүнгө ууланып каза болгон. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.