"Так талашуу оюну" тасмасында роль жараткан белгилүү орус актёру Юрий Колокольников 36 жашка толду. Ал 1980-жылы 15-декабрда Москва шаарында төрөлгөн. Кичинекей чагында ата-энеси ажырашып кеткендиктен, 10 жашына чейин апасы менен Америкада жана Канадада жашап, ал өлкөлөрдүн жарандыгын алган. АКШда жашап жүргөндө ашыкча бейбаштыгынан улам тарбиясын оңдоо үчүн апасы аны Москвага жиберген. Уулунун актёрлукка болгон жөндөмүн байкап, атасы аны кино мектебине жаздырган.
Анын кинодогу алгачкы ролу болуп "Темир көшөгө" тасмасындагы образы эсептелет. 15 жашында мектепти таштап, Щукин атындагы Театралдык окуу жайга тапшырган. Алгачкы ролунан кийин ага башка режиссёрлордон сунуш түшүп, бир нече тасмада роль жараткан. 2000-жылы аталган окуу жайдын дипломун алып, кыялдарын орундатуу үчүн Голливудга жөнөйт, бирок ал жактан эч бир режиссёрдон тасмага тартылуу сунушу түшкөн эмес. Бир жылдан соң Юрий Мекенине кайтып келип, 2001-жылы "44-жылдын августунда" деген тасмада советтик чалгынчынын образын жараткан. Бул фильм элге тартууланган соң актёрдун популярдуулугу артып, киного тартуу сунуштары көп түшө баштаган.
Ю.Колокольников "Идеалдуу түгөйлөр" (2001), "Кылмышкердин күндөлүгү" (2002), "Убакыт - акча" (2003), "Арбаттын балдары" (2004), "Жарнамалык тыныгуу" (2006), "Келгениңе шүгүр" (2006), "Биздин замандын баатыры" (2006) аттуу сериалдарга тартылган. Ошондой эле ал "Таштанды чогултуучу" (2001), "41-жылдын июнунда" (2003), "Бумер. Экинчи фильм" (2006), "Ленинград" (2007), "Кука" (2007), "Бактылуу аяктоо" (2009) сыяктуу бир нече белгилүү тасмаларда, дүйнө жүзүнө белгилүү "Так талашуу оюну" сериалынын 4-сезонунда роль жараткан. Ал эми 2015-жылы актёр америкалыктардын "Жүк ташуучу. Мурас" тасмасында мафиянын жардамчысынын ролун аткарган.
15-декабрга карата жылнаама.