Башкы прокуратура Дары-дармек департаментиндеги коррупциялык көрүнүштөрдү атады

Башкы прокуратура Дары-дармек жана медициналык жабдыктар менен камсыздоо департаментиндеги коррупциялык көрүнүштөр боюнча өкмөткө сунуш киргизди. Сунушта департаменттин директору Рустам Курмановдун мындан ары кызматта турушун кароо, департаменттин жана Саламаттык сактоо министрлигинин күнөөлүү жооптуу кызматкерлерин тартиптик жоопкерчиликке тартуу тууралуу айтылган. Муну 15-декабрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

2016-жылы Башкы прокуратуранын текшерүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча департаментке коррупция жаатында 10 кылмыш иши ачылганы, мекеменин мамлекетке 22 миллион 327 миң сом зыян келтиргени айтылат. Департамент тарабынан мыйзамсыз маалым каттар (справка) берилип, анын айынан ишкерлер бажы төлөмдөрүнөн жана салык төлөөдөн мыйзамсыз бошотулуп жүргөн. Мындан башка да мыйзам бузуулар болгон. Ачылган кылмыш иштери боюнча учурда иликтөө жүрүп жатканын билдирди Башкы прокуратура.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан