ЖЫЛНААМА, 15-ДЕКАБРЬ: Орусиялык футболчу Роман Павлюченко 35 жашка толду

Футболчу Роман Павлюченко 1981-жылы 15-декабрда Орусиянын Краснодар крайында туулган.

Роман Павлюченконун футболдук карьерасы Орусиянын Черкесск шаарында "Победа" деген балдар спорт мектебинде башталган. Анын алгачкы машыктыруучусу Хасан Курочинов болгон. 7 жылдан соң футболчу Ставрополдогу олимпиадалык резерв мектебине которулуп, "Динамонун" өспүрүмдөр командасында ойноп калат. 2000-жылы "Ротор" клубуна өтүп, Орусиянын жаштар курама командасына чакырылган.

2002-жылы ноябрь айында спортчу москвалык "Спартак" клубуна кошулган. 2004-жылы 10 гол киргизип, "Спартактын" мыкты чабуулчусу деп табылган. Ал эми 2006-жылы Орусиянын чемпиондугунда 18 гол киргизип, мыкты чабуулчу деп аталган. Жалпысынан Орусияда өткөн чемпиондуктарда футболчу "Спартактын" курамында ойноп, 141 оюнда 69 гол киргизген.

2008-жылы Европа чемпиондугунда Роман мыкты оюн көрсөткөн. Ал чейрек финалда күчтүү делген Голландиянын дарбазасына гол киргизип, Орусиянын жарым финалга чыгуусуна салым кошкон. Ошол жылы 30-августта аны менен англиялык "Тоттенхэм" келишим түзгөн. Трансфер 14 миллион фунт стерлингге бааланган. Бул клубда 2012-жылга чейин ойноп, кийин Орусия чемпиондугуна кайтып келген. Учурда Павлюченко "Урал" футболдук клубунун оюнчусу.

15-декабрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kamchatka
2016-12-15 19:01:20
Менда 15-декабрда 30га толдум!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан